Эксперт: Текебаев өзүн эркинен ажыраткандардан сөзсүз өчүн алат

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев кече күнү сот залынан чыккандан кийин, дароо эле ММКларга өч алуу болбош керектигин билдирди.

-Мен баарын кечирдим, бирок, бизде мамлекеттик мыйзам бар, күнөөсү барлар жооп беришсин. Ал эми Алмазбек Атамбаев саясий туткунга айланбашы керек, - деди саясатчы.

Анын "Күнөөсү барлар жооп бериши керек" деп айтуусу, ага карата кылмыш ишин козгой салган укук коргоо органдарынын жетекчилеринин жана соттордун жоопкерчиликке тартылышын Өмүрбек Текебаев талап кылат дегенди түшүндүрөбү? Мындай суроо менен VB.KG редакциясы саясат таануучу Бакыт Бакетаевге кайрылды.

Анын айтымында, Өмүрбек Текебаев өзүнүн камалышына себепкерлердин баарын сөзсүз жоопко тартууга аракет кылат.

-Мен аны жакшы билем, ал баарын кечирдим деп айтканы менен, баары бир бул ишти жөн калтырбайт. Ал абдан акылдуу саясатчы. Адегенде толугу менен баардык инстанциялардан акталып чыгууга бүт күчүн жумшайт. Андан кийин гана аны түрмөгө каматууга команда берген күч органдарынын мурдагы жетекчилери Абдил Сегизбаев менен Индира Жолдубаеваны сотко берет. Ошондой эле күнөөсү жоктугуна карабастан аны эркинен ажыраткан судьяларга арыз берет, - деп белгиледи Баектаев.

Ошол эле учурда эксперт бул туура жана акыйкат чечим болот деген ишничте.

-Бул башка судьяларга жана тергөөчүлөргө мыйзам чегинде гана иш алып барыш керектиги боюнча жакшы сабак болуп калмакчы. Алар эмне гана кылышпасын, мыйзамды бузбашы шарт. Эртеби же кечпи өзү жасаган иши жооп бериши керек, - деп кошумчалады ал.

Эске салсак, кече күнү Биринчи май райондук сотунун чечими менен "Ата Мекен" партиясынын лидери жана Кырыгыз Республикасынын Түштүк Кореядагы экс-элчиси Дүйшөнкул Чотонов үй камагына чыгарылышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД