Суусамырда бишкектик кызды зордуктагандар кармалды

Чүй облустук ИИББ басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Бишкектин 30 жаштагы тургуну Жайыл райондук ИИБга арыз менен кайрылган. Анда 29-августта таңкы саат 5:00. чамасында Суусамыр өрөөнүндөгү үйдө Чыңгыз аттуу жигит күч колдонуп зордуктаганын айткан.

Мындай маалымат алынгандан кийин, Чүй облустук ИИББна караштуу ЖЖКК № 5 взводунун инспекторлору тарабынан Суусамыр өрөөнүнөн "Форд Фиеста" үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган., Документтер текшерилип, кылмышка шектүү катары 32 жаштагы Б.У. жана 21 жаштагы Б.Ч. Жайыл РИИБдин тергөө бөлүмүнө жеткирилген. Шектүүлөр Ысык-Көл облусунун тургундары болуп чыкты. Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Учурда тергөө, териштирүү иштери улантылып жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД