Автоунаа салыгын төлөө мөөнөтү 2-сентябрда аяктайт

Автоунаа салыгын төлөөнүн акыркы күнү дем алыш күнүнө туш келгендиктен төлөө мөөнөтү дүйшөмбү күнү, тактап айтканда 2-сентябрда аяктайт. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалымат боюнча, ушул эле күнү турак үй, батир (ишкердик үчүн пайдаланылбаган) жана жер (үй алдындагы, короо жайдын жанындагы жер, чарба участоктору) салыктарын да кабыл алуу аяктайт.

Салык органдары кезмет графиги боюнча 2-сентябрга чейин, анын ичинде эс алуу жана майрам күндөрү да иштешет. Салыктарды айрым банк мекемелеринин кассалары, төлөм терминалдары, мобилдик жана интернет банкинг аркылуу төлөөгө болот.

Бул боюнча кенен маалыматты 1240 телефону же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД