Самарада террордук ишке катыштыгы бар кыргызстандык жаран жоопко тартылат

Самара облусу боюнча РФ Тергөө комитетинин өзгөчө оор ишти иликтөө бөлүмү тарабынан террордук ишке катыштыгы бар Кыргызстандын 35 жаштагы жаранына карата кылмыш ишин иликтөө аягына чыгарылды.

Тергөө комитетинин маалыматы боюнча, бул жаранга карата РФ КК 205-беренесине (Телекоммуникациядагы Интернет тармагы аркылуу террордук ишке үгүттөө) жана 205- беренесине (Террордук уюмду уюштуруу жана андай уюмдун ишмердигине катышуу) ылайык кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүнү версиясы боюнча 2017-жылга чейин айыпталуучу "Ислам мамлекети" эл аралык террордук уюмдун идеологиясын кабыл алган. Андан кийин Интернетте зомбулуктун идеологиясын актоо жана үгүттөө боюнча маалыматтарды жарыялай баштаган, бул лингвистикалык сот экспертизасынын корутундусу аркылуу тастыкталган.

2017-2018-жж.. ичинде "ИМ" террордук ишине катышууга Самара шаарынын 32 жаштагы тургунун тарткан.

"Тергөө тарабынан анын террордык ишке катшуусу бар экендигин далилдей турган документтер чогултулган, ушуга байланыштуу ага айып тагуу ишинин корутундусу Приволжский аскердик сотунда кароо үчүн жиберилди", - деп Самара облусу боюнча РФ Тергөө комитетинен билдиришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД