Жалал-Абаддын мэрине: Балдар үчүн жолдо жүрүү кооптуу болууда (фото)

VB.KG редакциясына Жалал-Абад шаарындагы оорукананын кызматкерлери кайрылып, шаардын жолдорун оңдоо боюнча көйгөйлөрдү чагылдырууну өтүнүштү. Алар ошону менен катар Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевди оорукана жана мектеп жайгашкан жердеги жолго көңүл буруп коюшун суранышууда.

-Жалал-Абад шаарынын мэриясына кайрылып, Пушкин көчөсүндөгү жолду оңдоо иштери качан аяктайт жана бул жерге качан светофор орнотулат деген суроону берели дедик эле. Бул көчөдөн миңдеген балдар өтүшөт, жакын жерде мектептер, балдар бакчасы, облустук оорукана жайгашкан. Жолду оңдоо иштери үстүбүздөгү жылдын апрель айында эле башталган, бирок, жумушчулардын иштегени такыр көрүнбөйт, өтө эле жай иштеп жатышат. Шаардын мэрине өтүнүч менен кайрылабыз, бул маселеге өзү киришпесе болбой калды. Бул жолдо автоунаа көп жүргөндүктөн жана оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан балдар үчүн жолго чыгуу кооптуу болууда", - деп арызданышты алар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД