Бишкекте ок атуучу курал алып жүргөн айдоочу кармалды

Биринчи май РИИБге шаар тургуну К.Р. кайрылып, 31-августта саат 14:20 чамасында Исанов менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон окуя тууралуу билдирген. Анын айтымында, азиат түспөлүндөгү белгисиз адам "Toyota Land Cruiser-200" унаасы менен арыздануучунун унаасына кысым көрсөтүп, Калашников автоматына окшогон куралдан ок ата турганын айтып коркутуп кеткен. Бул тууралуу УКМК басмас сөз кызматы билдирди.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 266-беренеси (бейбашчылык) менен катталып, тергөө иштери башталган.

Биринчи май РИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан көп узабай шектүү - 1991-жылы туулган С.У. Бишкектеги "Плаза" соода борбор тараптан кармалып, "Toyota Land Cruiser-200" унаасы менен кошо РИИБге жеткирилген. Анын унаасын текшерүү учурунда "МА-АК" үлгүсүндөгү аңчылык курал, көрүнүшү Калашников автоматына окшош, 51 даана ок-дары, 7,62 калибрдеги магазини 4 даана, кара түстөгү аскер каскасы, рюкзак жана башка буюмдар чыккан.

Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында кошумча тергөө иш чаралары жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД