Мэриянын кызматкери муниципалдык 8 батирди сатып, өзү качып кеткен

Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгынын кызматкери Эрик Ашыралиев алдоо жолу менен документтерди жасап, жарандардын акчасын алып жүргөн деп айыпталып жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мурдагы кызматкер муниципалдык мүлк боюнча аукциондун протоколун жасап, тактап айтканда Москва көчөсүнүн №191 дарегинде жайгашкан үйдөн 8 муниципалдык батирди сатып, өзү белгисиз тарапка качып кеткен.

Бул тууралуу кабардар болгон башкармалыктын башчысы Нурдин Тынаев 1-сентябрда Эрик Ашыралиевге карата чара көрүү өтүнүчү менен Бишкек ШИИБге кайрылган. Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголду. Шектүүгө издөө жарыяланды.

Белгилей кетсек, бул кызматкер мүлк башкармалыгында болгону бир жарым айга жакын убакыт иштеген, - деп айтылат борбордун мэриясынын берген маалыматында.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД