Бишкекте бычак менен коркутуп каракчылык кылган эки жигит кармалды

Бишкек шаарында каракчылыкка шектелип 2 жаш жигит кармалды. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, шаардын Р.М. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 30-августта саат 23:00 чамасында Пушкин менен Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар күч колдонуп, "Хуавэй" үлгүсүндөгү телефонун жана 2 миң сомун тартып алышкан.

Ошондой эле Р.А. аттуу жаран милицияга кайрылып, белгисиз адамдар 30-августта саат 23:00 чамасында Пушкин менен Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде бычак менен коркутуп, "Филипс" үлгүсүндөгү телефонун жана 2 миң 870 сомун тартып алып, качып кеткенин билдирген.

"Бул фактылар КР Жазык кодексиндеги 202-берене (каракчылык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ленин РИИБдин 2-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан шектүү катары эки жигит - 1996-жылы туулган Ж.Т. менен 2000-жылы туулган Б.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда алардын борбор шаардын аймагында башка кылмыштарга тиешеси бардыгын текшерүү үчүн кошумча ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Шектүүлөрдөн жабыркагандар 0(312) 44-44-57, 0(550) 102 219, 0(709) 793 971 телефон номерлери же 102 кызматы аркылуу билдирсе болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД