Балыкчыда жаза өтөп жаткандар солдаттар үчүн нан бышырууда

Үстүбүздөгү жылдын август айында Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы № 51 жатак-абагында нан бышыруучу жай иштей баштады. Бул тууралуу ЖАМК басма сөз кызматы билдирди.

Нан бышыруучу жай ишке киргизилгенге чейин "Келечек" мамлекеттик ишканасынын (МИ) колдоосу менен ЖАМКтын бош турган имаратында капиталдык ремонт жүргүзүлүп жана керектүү жабдуулар сатылып алынган.

Азыр нан бышыруучу жайда бир нече жаза өтөп жаткандар эмгектенишет. Алар күнүгө 300 кг нан бышырышууда. Нан бышыруучу жай баардык санитардык жана техникалык талаптарга жооп берет. Келечекте күнүгө 600 кг нан бышыруу пландаштырылууда.

Бышырылган нан Кыргыз Республикасынын Коргоо комитетинин Балыкчы шаарында жайгашкан аскердик бөлүгүнө жиберилет.

Маалымат үчүн:

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына (ЖАМК) караштуу "Келечек" мамлекеттик ишканансы өкмөттүн токтому менен 2012-жылы 20-ноябрда түзүлгөн.

Ишкананы түзүүнүн негизги максаты ЖАМК системасынын киреше алып келе турган ишмердигин өнүктүрүү жана жаза өтөп жаткандарды жумуш менен камсыз кылуу, алардын жашоо-шартын жакшыртуу болуп саналат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД