Жашы жете электер тарабынан жасалган кылмыштардын саны азайды

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Ведомстволор аралык ювеналдык юстиция боюнча координациялык кеңештин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

- Жашы жете электер тарабынан жасалган кылмыштардын саны азайды, бирок,

бойго жеткендер тарабынан жашы жете электерге карата жасалган кылмыштардын саны көбөйдү. Бул олуттуу маселелерди жаратууда. Мындай абалды деталдуу талдоо жүргүзүү менен, эмне үчүн көрүлгөн чараларга карабастан, кылмыштардын саны өсүп жатканын түшүнүү кажет. Бул маселени чечүүгө тартылган министрликтер жана ведомстволор өзүнө жүктөлгөн милдеттерди толук түрдө аткарбай жаткандыгын билдирет. Балдардын коопсуздугу маселеси райондордун жана облустардын жетекчилеринин жумушчу кеңешмелеринин күн тартибине туруктуу негизде киргизилиши керек, - деп белгиледи ал.

Вице-премьер-министр балдарга карата зомбулуктун алдын алуу жана балдар кылмыштуулугунун алдын алуу маселелери боюнча мамлекеттик органдар ортосунда өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүү жана бардык коммуникациялык ресурстарды колдонуу менен маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүүнүн маанилүүлүгүн көрсөттү.

ИИМ маалыматына ылайык, жашы жете электер тарабынан жасалган кылмыштардын жана балдарга катара жасалган кылмыштардын негизги себеби – бул үй бүлөдөгү көйгөйлөр, миграциялык процесстер жана социалдык-экономикалык көйгөйлөр болуп саналат.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар жана сунуштамалар берилди, анын ичинде:

- жашы жете электерге карата жасалган кылмыштардын жана жоруктардын себептерин жана шарттарын терең талдоо максатында балдар үчүн юстиция жаатында изилдөөлөрдү ишке ашырууга, акыркы беш жылдагы соттук чечимдерге мониторинг уюштуруу;

- Башкы прокуратурага Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине кылмыштардан жана жоруктардан жабыркаган балдар, кылмыштардын жана жоруктардын күбөсү болгон балдар боюнча көрсөткүчтөрдү кошумча киргизүү тапшырылды.

Муну менен бирге мамлекеттик органдарга:

- балдар коопсуздугу маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү кампанияларын өткөрүүдө социалдык тармактарды активдүү колдонуу;

- "Тумар" балдарга каршы зомбулук көрсөтүүнү токтотуу боюнча улуттук кампаниясына кошулуу иштерин активдештирүү;

- балдардын коопсуздугуна багытталган массалык иш-чараларды камсыз кылуу;

- Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жашы жете электер арасында кылмыштуулуктун абалы, балдарга карата зордук-зомбулук жана кылмыштар маселелери боюнча Координациялык кеңешме өткөрүү тапшырмасы берилди.

Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, жашоо шарты оор балдардын электрондук маалымат базасын киргизүү ишин тездетүү, катаал мамиле кылуу жана зомбулук көрсөтүүнү аныктоо максатында 5 жашка чейинки балдарды медициналык кароодон туруктуу өткөрүү зарыл.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД