Бишкек ШИИББ адвокат И. Айткуловдон жабыр тарткандарды издөөдө

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун адвокаты Икрамидин Айткуловдун дарегине кезектеги доо арыз келип түштү. Бул тууралуу Бишкек ШИИББ басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 24-августунда Бишкек шаарынын ИИББ М.А. аттуу жаран арыз жазып кайрылып, 1956-жылы туулган адвокат Икрамидин Айткулов, анын жубайы А.Р. жана алардын уулу Р. 2016-жылы ноябрь айында алдамчылык жол менен анын ишенимине киришип, ар кандай шылтоолорду айтуу менен анын 11 миң 678 АКШ долларын карызга алышкан.

Бул факт Бишкек ШИИББ Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестрине катталып, КР Жазык кодексинин 204-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшүндө, 2016-жылы ноябрь айында гражданин Икрамидин Айткулов жана анын жубайы Р.А. гражданин М.Ага кайрылышып, андан 11 миң 678 АКШ долларын бир айлык мөөнөт менен карызга алышкандыгы аныкталган. Айтылган мөөнөт аяктагандан кийин гражданин М.А. карызга берилген акча каражатын доолай баштаганда, гражданин И. Айткулов карыз берген жаран менен жогоруда көрсөтүлгөн сумманы 3 айдан кийин төлөп берүү келишимин түзгөн, бирок, гражданин И. Айткулов өз милдеттенмесин аткарган эмес.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында иликтөө жүргүзүлүүдө.

Икрамидин Айткуловдун аракетинен жабыр тарткан жарандар Бишкек ШИИББ Тергөө кызматына кайрылса болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД