Зарылбек уулу Алмазбек Пробация департаментинин жетекчилигине дайындалды

Зарылбек уулу Алмазбек Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Юстиция министри Марат Жаманкулов жамаатка жаңы дайындалган жетекчини тааныштырды.

Пробация департаменти ушул жылдын 1-сентябрынан тарта иштеп баштады.

Маалымат үчүн:

Зарылбек уулу Алмазбек 1975-жылы 16-июлда Чүй облусундагы Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылында туулган. Жогорку юридикалык билимге ээ. Ал буга чейин улуттук коопсуздук органдарында, Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинде, ошондой эле Юстиция министрлигинин Чүй жана Бишкектеги башкармалыгында эмгектенген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД