Мушташка шектүүлөрдү жашырууга милиция жардам берген (видео)

Бишкектеги мушташта эки жарандын адам үрөйүн учургандай сабалышы тууралуу иш Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин көзөмөлүндө турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттарына Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин отурумунда Кашкар Жунушалиев өзү билдирди.

Министрдин айтымында, милиция кызматкери шектүүлөрдүн биринин тууганы болгондуктан бул ишке кийлигишкен, ага карата кызматтык иликтөө башталды.

Эске салсак, 28-августта Бишкектеги Ахунбаев жана Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Ярмарка" супермаркетиннин жанында мушташ чыгып, анын айынан 2 киши жабыркап, Улуттук госпиталга жеткрилген, анын бири комага түшүп, экинчисинин астыңкы жаагы сынган.

Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталып, шектүүлөр Бапышов Жаныбек Сейитбекович жана Сейитбеков Калысбек Сейитбекович аныкталып, учурда аларга издөө жарыяланды.

Шектүүлөрдү жашырууга кылмыш болгон жерге келген милиция кызматкерлери жардам бергени да белгилүү болду.

"Короче" телеграм-каналы сырткы видеобайкоо камерасына, кылмыш болгон жерге келген милиция нарядынын келгени тартылган видеону жарыялады. Анда көрүнүп тургандай, тартип сактоочулардын аракети таң калтырбай койбойт – алар шектүүлөр менен саламдашып, жерде жаткан жабыр тартуучуну карашат да жөнөп кетишет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД