Контрабандалык жол менен тамеки ташыган жаран кармалды

УКМК кызматкерлери 1-сентябрда кыргызстандык жаран А.И. башкарган "Mercedes Sprinter" үлгүсүндөгү унааны текшерүүгө алганында, акциздик маркасы жок 79 куту тамеки табылган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Табылган тамекилер унаа ээсине таандык болуп чыкты. А.Б. аттуу жаран 2017-жылдан бери Бажы, Салык кызматы жана Каржы полициясынын кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алышып, тамекини мыйзамсыз ташып жана жакынкы чет өлкөлөргө, ошону менен бирге Казакстанга жана Россияга сатып жүргөн.. Кампаларды тинтүү маалында акциздик маркасы жок 5 миң куту (ар биринде 500гө жакын пачка тамеки) табылды.

Алдын ала алынган маалыматка таянсак, табылган товардын баасы 70 млн сомду (1 миллиондон ашык доллар) түзгөн.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин материалдары тамеки заттарын тиешелүү документтери жок мыйзамсыз ташуу, сактоо жана сатуу боюнча, КР Жазык кодексинин 215-беренеси боюнча катталган.

Учурда А.Бнын жүргөн жерин аныктоо, ошондой эле табылган тамеки заттарынын баасы жана бажы ж.б. төлөмдөрдүн түшпөй калышынан келтирилген чыгымды эсептөө боюнча иш чаралар жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД