Мушташка шектүүлөрдү жашырган милиция кызматкерлерине чара көрүлүшү керек

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге Бишкек шаарында эки жаранды ур-токмокко алуу фактысын иликтөө боюнча акыркы чараларды көрүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Өкмөт башчы мындн тышкары Саламаттык сактоо министрлигине жабыркагандарга квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүүнү, зарыл дары-дармектер менен камсыздоо тапшырмасын берди.

-2019-жылы 28-августта эки жаш жигитти ур-токмокко алуу окуясы тыкыр иликтенип, күнөөлүү адамдар жоопко тартылууга тийиш. Окуя болгон жерге келип, кайдыгерлик жана кесипкөйсүздүк көрсөткөн милиция кызматкерлерине карата тийиштүү чаралар көрүлүшү керек. Укук коргоо органдарында мындай кызматкерлерге орун жок, - деп билдирди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр бул окуяга байланыштуу күнөөлүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүүнү жана бардык мыйзам талаптары боюнча жоопко тартуу керектигин белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД