ИИМ: Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча тергөө иши аяктады

ИИМ Тергөө кызматы тарабынан Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушуна байланышкан сотко чейинки өндүрүш иши аяктады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, Тергөө кызматы тарабынан учурда кылмышка күнөөлүү бардык фигуранттарга айыптары угузулуп, аларга коюлган айыптар менен тааныштырылууда. Андан соң жакын арада сотко чейинки өндүрүштө тергелип аяктаган кылмыш иши Башкы прокуратура аркылуу сот органдарына жиберилет.

Эске салсак, "кримтөбөл" Азиз Батукаев узак убакытка камалып, кылмыш жазасын Нарында өтөп жаткан. 2013-жылы сот Батукаевди катуу ооруга чалдыкканына байланыштуу деген себеп менен бошотуп жиберген. Ал ошол эле күнү учак менен Кыргызстандан чет жакка чыгып кеткен. Былтыр бул иш боюнча тергөө кайрадан башталып, мурда Башкы прокуратура билдиргендей, кылмыш ишине 19 адам шектелүүдө. Алардын ичинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, экс-башкы прокурор Аида Салянова, экс-вице-премьер-министр Шамиль Атаханов, Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев ж.б. бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД