Д. Верхотуров: Сооронбай Жээнбековго "президенттик партиянын" кереги жок

Кыргызстанда парламенттик шайлоолор эмдиги 2020-жылы өтө турганы менен, ал жөнүндө эмитеден эле талкуулай башташты. Бул шайлоолор кандай өтүшү мүмкүн жана кайсы партиялар Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышына өтөт? Бул тууралуу жазуучу Дмитрий Верхотуров kginfo.ru басылмасына атайын маек куруп, өзүнүн пикирин билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандагы келерки парламенттик шайлоолор тынч жана коомдук тартип бузуулары жок өтөт.

"Мындай көз карашта болууга төмөндөгүдөй негиздер бар: Республикадагы баардык саясий чатак кандай себеп менен жүрсө да, Алмазбек Атамбаевдин азыркы темир тордун артынан чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн кескин жогорулатат. Бул саясий шылуун ага берилген мүмкүнчүлүктү толугу менен колдонуп жана өзүнө ылайык ар кандай ыкмалар менен бийликти басып алууга аракет кылаарынан шек санабай деле койсо болот. Мында дагы бир жолу шайтанды бөтөлкөдөн чыгарып жиберүүнү каалагандар барбы? - деген суроо туулат. Эгер каалоочулар жок болсо, анда шайлоолорду тынч жана тартиптүү өткөрүп алган оң.

Мына ушундай эле себеп менен, президент Сооронбай Жээнбеков да ар кандай окуялар менен коштолуп кетүүчү коркунучтардын күчөшүнө жол бербеш үчүн баардык керектүү чараларды көрөт. Бул үчүн ийгиликтүү тажрыйбага да ээ болуп алды.

"Президенттик партия" болбойт

Өткөн парламенттик шайлоолордо президенттин КСДП партиясы бар эле, эми андай партия болбойт. Анын себеби жөнөкөй эле. Кече жакында кабыл алынган экс-президенттин статусу жөнүндөгү мыйзам, Жээнбековду республиканын президенти кызматын калтыргандан кийин саясий ишмердик менен алектенүү укугунан ажыратат. Анын кайсы-бир саясий партияны жетектөө укугу жок болгондуктан, ага партиянын да кереги жок.

Жалпысынан алганда, бул туура. Атамбаевдин аткаруусундагы "президенттик партия" бийликти жеке басып алып, анын жардамы менен президенттик мөөнөт аяктагандан кийин, парламентке өтүү же премьер-министрдин креслосуна отуруш үчүн керек болгон. Андан тышкары "президенттик партия" – шайлоочуларга басым, жеңил болсо да, басым жасоого багытталган. Өткөн шайлоолордо анча чоң эмес партиялардын ийгиликке жетпей калышынын себеби, аларга карата "президенттик партиянын" күчтүү ресурсунун иштегендигине байланышкан. Мындай жагдайды жойуу шайлоону бир топ эркинирээк жана демократтык түрдө өткөрүүгө мүмкүндүк берет, ошондй эле кичине партияларга парламентке өтүп жана толук укуктуу парламенттик партия болуу мүмкүндүгүн берет. Азырынча эки жүздөн ашык партиянын алтоосу гана Жогорку Кеңеште өтүп отурат.

КСДПнын оор тагдыры

Чынында КСДП Жогорку Кеңештеги азыркы абалынан ажырайт, анткени, анын негизги уюштуруучулары, биринчи кезекте Алмазбек Атамбаев катардан чыгарылды, ошондой эле партиянын лидеринин кассаларына камак салынышы менен, акча каражаттарынан, ошону менен бирге Атамбаевдин таянычы болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Партия юридикалык жактан мыйзамдык күчүнө ээ боло элек болсо да, экиге бөлүнүп калды. Бул бөлүнүү партияны орто заар абалда калтыргандыктан, келерки шайлоого эки окшош партия аттанышы да мүмкүн.

Бул күчтүү фактор болгондуктан, шайлоого чейинки бир жыл убакыттын ичинде бир нерсени жасап жетишүү кыйын. Албетте, мурдагы президенттин тигил же бул уулун, мисалы, Кадырбек Атамбаевдин талапкерлигин көрсөтүүгө аракет кылса болот дечи, бирок, бул начар вариант, анын таасири, харизмасы, күчү баары бир жетишпейт. Ошондуктан эгер бир аз депутаттардын саны менен азчылыктын партиясы катары Жогорку Кеңешке өтүп алса жакшы болот.

Текебаев менен Бабановдун өсүшү

Бизге эмне жөнүндө гана айтышпасын, бирок Жогорку Кеңешке шайлоолор – бул фотосүрөтү тартылган плакат боюнча, талапкерлер менен да, партиянын лидери менен да жеке дээрлик тааныш эмес болуп туруп өткөрүлгөн шайлоо. Орточо шайлоочу, алар менен эч качан көрүшкөн жана жеке байланышкан эмес. Мындай шарттарда артыкчылыкты бренд катары, тактап айтканда, көптөн бери саясатта жүргөн, баарына жана жеке ар бирине тааныш жана "саясий соодалашуу" аркылуу шайлоочулардын тилин таба алган партиялар алат.

Анткени Кыргызстандын БШКсы керектүү убакта ачкан "саясий соодалашуунун" текчесинде товарлардын көп түрү болгону менен, шайлоочулар алардын ичинен тааныганын гана алат. Ошондуктан Жогорку Кеңештеги партиялардын тизмесиндеги курамы олуттуу өзгөрүүгө учурайт деп ойлобойм ("Бүтүн Кыргызстан" менен "Замандаш" партияларынын парламентке өтүү мүмкүндүгү болушу мүмкүн), менин божомолумда бул тизме мурдагыдай эле калат. Бирок, алардын өз ара катышы көп өзгөрүүгө учурайт. Башка партиялардын мурдагы КСДПга тиешелүү креслолорду бөлүштүрүүсү сөзсүз күтүлөт. Мында Текебаевдин "Ата Мекени" жана Өмүрбек Бабановдун "Республика - Ата Журту" бир топ артыкчылыктарга ээ болот. Алар саясий толкунда мурда эле болушкан жана азырынча ал жерде калышууда, оор сыноолордон да өтүштү: Текебаев саясий туткун катары камалып да чыкты. Ошондуктан алар Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышында ири фракцияларга айланышы мүмкүн.

Булар азыркы убактагы көрүнүштөр. Шайлоолорго чейин дагы жетиштүү убакыт бар, бирок, Кыргызстанга окшогон саясий жактан туруксуз өлкөдө, дагы көп нерселер өзгөрүп кетүүсү мүмкүн. Окуялар кандай жагына өнүгөт, көз салып турабыз".


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД