Бишкекте эки адамды аёосуз сабаган шектүүлөр жакында кармалат

Бүгүн, 5-сентябрда, Бишкек шаарынын ИИББнын башчысы Канат Жумагазиев 28-августта "Ярмарка" супермаркетинин жанындагы мушташта жабыр тарткандардын туугандары менен жолугушту. Ал жерде чогулгандарды эмне үчүн ушул убакка чейин шектүүлөрдү таба албай жатышкадыгы жана кызматынан бошотулган милицияларга дагы кандай чаралар көрүлмөкчү деген суроолор кызыктырды.

Башкармалыктан белгилешкендей, бул кылмыш ишин иликтөөдө бир нече ыкчам топтун кызматкерлери катуу аракет кылышууда. Издөөгө алынган эки шектүү чек өлкөгө чыгууга аракет кылып, бирок алардын ою ишке ашкан эмес.

-Ал шектүүлөр жакында табылат, -деп ШИИББ башчысы билдирди.

Ал эми ШИИБдин Тергөө кызматынын башчысы Нурлан Утемисов буга чейин Чүй ОИИБде иштеген кызматкер - шектүүнүн бир тууганы УКМКга суракка чакырылып жатканын айтты. Алар тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн толук маалымат берилбей турганын кошумчалашты.

Эске салсак, 28-августта саат 07:00 чамасында Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Ярмарка" дүкөнүнүн жанында эки жигит аёсуз сабалган. Учурда жабыр тарткан эки жаран ооркуанада дарыланып жатышат. Шектүү эки жаран издөөгө алынган. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлерине карата сотко чейинки өндүрүш иши ачылган, алар органдагы ээлеген кызматынан бошотулушту.

Бүгүн жабыр тарткан жарандардын туугандары Ак үйдүн алдына чыгышып, шектүүлөрдү издөөнү күчөтүүнү жана бул окуяга тиешеси барлардын баарын жоопко тартууну талап кылышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД