Баңгизат даярдап, сатып жүргөн жарандардын тобу кармалды

ИИМдин Баңгизатка каршы күрөшүү кызматы тарабынан баңгизат даярдап, аны сатуу менен алектенген Талас облусунун жарандарынан турган тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

ИИМдин Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, аталган кызматтын кызматкерлери атайын операция жүргүзүшүп, анын жыйынтыгында бир фигуранттан 49 кг 600 грамм баңгизат табышкан. Ошондой эле баңгизаттын индиялык түрүн өстүрүүчү талаа табылып, жалпысынан 2 тонна 5 кг баңгизат алынды.

Учурда аталган кылмышка тиешеси барларды аныктоо үчүн ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД