Москвалык кыргыздар Турцияда өтүүчү көчмөндөр оюнуна даярдык көрө башташты

2020-жылы Турцияда өтүүчү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алкагында Москвадагы жана Москва облусундагы кыргыз диаспорасы ордо оюну боюнча өз командасын даярдай баштады. Ошону менен бирге диаспоранын лидерлеринин бири Багыт Бапановдун айтымына караганда, москвалык кырыгздардын былтыркы жылы Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүлгөн III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнундагы тажрыйбасы эске алынмакчы.

-Ысык-Көлдө Москвада иштеген кыргыздар төртүнчү орунду ээлешкен, эми биз кийинки оюнда биринчи орунду камсыз кылуу үчүн даярдануудабыз, - деди Бапанов. – Бул оюн Россиядагы биздин мекендештерибиздин арасында абдан белгилүү. Алар Москвада көп айлардан бери, ар бир жекшемби күнү сайын чогулуп ордо ойноп турушат. Кече жакында Москванын "Кузьминки" сейил багында өткөрүлгөн Кыргызстандын Эгемендик күнүндө да ордо оюну боюнча турнир болгон, анда каалагандардын баары, чет элдик меймандар, жергиликтүү тургундар жана албетте, кыргызстандыктар да катышты.

Бапановдун айтымында, бул турнирде ондон ашык команда түзүлүп, биринчи орунду "Талас", экинчини "Мосвка", үчүнчү орунду "Бишкек" командалары ээлешти. Жеңүүчүлөр Кыргызстандын Россиядагы элчилиги, диаспоранын активдери жана башка катышуучулар тарабынан даярдалган кубок, медалдар менен сыйланышты.

-Ушул турнир учурунда биз катышуучуларга көз салып, Турцияда өтүүчү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунуна даярдануу максатында курама команданы түзүүнү пландаштыруудабыз. Мындай ишти жакында Москвада түзүлгөн Ордо федерациясы менен биргеликте жүргүзөбүз, - деди Багыт Бапанов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД