Бишкекте эки адамды аёосуз сабаган шектүүлөр кармалды

Бишкек шаарынын Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Ярмарка" супермаркеттин жанындагы мушташта эки адамды аёсуз сабаган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалымат боюнча, криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери шектүүлөрдүн изине түшкөндүктөн, 1985-жылы туулган Бапышов Жаныбек Сейитбекович менен 1999-жылы туулган Сейитбеков Калысбек Сейитбекович милицияга өздөрү келди. Шектүүлөр учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Алардын Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына келгендиги видеого тартылган.

Эске салсак, бул мушташтын кесепетинен 2 жигит жабыркап, анын бири эс-учун жоготуп, экинчисинин астыңкы жаак сөөгү сынган. Жабыркагандар азыр ооруканада дарыланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД