Футбол-2022: Тандалма оюнду Кыргызстандын командасы утулуш менен баштады

2022-жылдагы футбол боюнча дүйнөлүк биринчиликтин тандалма оюнун Кыргызстандын курама командасы утулуш менен баштады.

Кече, 5-сентябрда, тандалма оюндун F 5 тобундагы биринчи турунда Кыргызстандын курама командасы Душанбе шаарында өткөрүлгөн оюнда Тажикстандын курама командасына 0:1 эсебинде уттуруп койду. Оюндагы жалгыз голду 42-минутада Алишер Жалилов киргизди.

Оюндун биринчи жарымында талаа ээлери мындан да көп топ киргизе алышмак, бирок, биздин команданын дарбазачысы Павел Матяштын чеберчилиги сактап калды. Ошентип оюндун жыйынтыгы 1:0 эсебинде Тажикстан курама командасынын пайдасына аяктады.

Биринчи турдун жыйынтыгы:

Тажикстан – Кыргызстан – 1:0 (1:0)

Голдор: Алишер Жалилов, 42 (1:0)

Эскертүү алгандар: Кайрат Жыргалбек уулу, Азамат Байматов, тамирлан Козубаев

Эске салсак, футбол боюнча дүйнөлүк биринчиликтин тандалма оюндарында Кыргызстандын курама командасы F 5 тобунда Тажикстан, Монголия, Мьянма жана Япония курама командалары менен ойнойт. Кыргызстандын курама командасы кийинки оюнду Мьянманын курама командасы менен 10-октябрда өткөрөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД