Караколдо милиция жалгыз бой атанын уулун мектепке даярдоого жардам берди

Каракол шаарынын милиция кызматкерлери шаарда аз камсыз болгон жалгыз бой кишинин 9 жаштагы баласын мектепке даярдоого жардамын беришти. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИББ басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирди.

Анын айтымында, Каракол шаарынын 53 жаштагы тургуну уулун 3 айлык кезинен тарта жалгыз багып келет. Быйыл баласы 9 жашка чыгып, экинчи класска барат. Бул баланын атасы аз камсыз болгон үй бүлөнүн катарына киргендиктен, окуучуну жаңы окуу жылына даярдоо ал үчүн кыйынга турат. Анын мектепке деген кийим-кечеги, окуу кууралдары жоктугу жөнүндө көйгөйдү билген шаардык милиция өз каражаттарына мектеп формасын, канцтоварларды, рюкзак ж.б. буюмдарын сатып беришти.

Ошондой эле 9 жаштагы балага даярдалган белекти тапшыруу учурунда, милиционерлер аталган үй-бүлө төлөгөнгө акчасы жок 8 жылдан бери электр жарыгы жок жашап келгендигин билишти. Бул маселе жагынан жардам беүү кайрылуусуна Каракол РЭСинин администрациясы абалды түшүнүү менен карап, ошол эле күнү жарыкты кошуп жандырышты.

9 жашар Иман белектерге абдан ыраазы болду. Өз кезегинде милиция кызматкерлери да ага жакшы окуп атасынын ишеничин актоо кеңешин беришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД