Нарын облусуна жаңы жетекчи дайындалды

Эмилбек Алымкулов Нарын облусунун жетекчилик кызматына дайындалды. Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Эмилбек Алымкулов 2017-жылдан бери Нарын шаарынын мэри кызматын аркалап келген.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов кызматынан расмий бошотулду. Ага өз каалоосу менен жазган арызы негиз болгонун өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 6-сентябрда билдирди.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалй Абылгазиев кол койгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД