14 жылга соттолгон мурдагы прокурорду жатак абагына которушту

Башкы прокуратуранын мурдагы башкы тергөөчүсү Кылычбек Арпачиевди күчөтүлгөн тартиптеги абактан № 45 жатак абагына которушту.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришкендей, мындай чечим үстүбүздөгү жылдын июль айында эле, анын адвокатынын жаңы кодекстердин күчүнө киришинен кийинки кайрылуусунун негизинде кабыл алынган

Кылычбек Арпачиев 2016-жылдын 28-июнунда мүлкүн конфискациялоо менен күчөтүлгөн тартиптеги абакка 14 жылга эркинен ажыратылган. 2019-жылы 13-февралда Бишкек шаардык соту 2016-жылдын 28-июнундагы токтомду өзгөртүп, жаза мөөнөтүн өтөөгө 10 жыл берген.

Эске салсак, Кылычбек Арпачиев УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жана Башкы прокуратуранын тергөө бөлүмү тарабынан кызмат бөлмөсүндө 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган.

Ошол эле күнү УКМКнын тергөө башкармалыгы тарабынан Жазык кодексинин 304-беренеси (кызматынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 313-беренеси (пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

Биринчи май райондук соту К.Арпачиевди Жазык кодексинин 313-беренесинин (пара талап кылуу) негизинде күнөөлүү деп таап, 14 жылга эркинен ажыраткан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД