Бишкек ЖЭБинде авария болуп, эки жумушчу жеңил күйүк алды

Бишкек ЖЭБдеги турбиналык цехте авария болуп, 2 электрослесарь жеңил күйүк алды. Бул тууралуу "Электр станциялары" ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматка караганда, трубиналардын бири убактылуу өчүп калган. Учурда кемчиликтер оңдолуп, жабдык ишке киргизилди. Авариянын себептерин атайын комиссия иликтеп чыгат.

Авария учурунда жабыркаган 2 кызматкер Бишкектеги оорукананын травматология борборуна жаткырылды. Алардын абалы канааттандыраарлык.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД