Азимбек Бекназаров жумушка орношту

Экс-башпрокурор Азимбек Бекназаров жергиликтүү гезиттердин бирине жумушка орношту. Бул тууралуу nazarnews.kg басылмасы билдирди.

ММК маалыматы боюнча, революциянын "бульдозери" эми "Жаңы ОРДО" гезитинде журналист болуп иштейт.

-Эми гезиттин окурмандары саясатчынын тигил же бул саясий окуяларга юридикалык баа берген макалалары менен тааныша алышмакчы. Азимбек Бекназаровду жаңы жумушка орношуусу менен куттуктайбыз. Ал көптөгөн саясий сырларды, анын ичинен Атамбаев боюнча да айтып берет деген ишеничтебиз, - деп жазат ММК.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД