Санкт-Петербургда кыргыз тилинин клубу түзүлөт

Санкт-Петербургдагы Таврический ак сарайында – КМШ мамлекеттеринин парламенттер аралык Ассамблеясынын штаб-квартирасында парламенттер аралык Кеңештин башкы катчысы – Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатвалдиевдин "Kyrgyz Union Sankt-Petersburg" коомдук уюмунун мүчөлөрү - Саект-Петербургдагы жогорку билим берүү мекемелеринин студенттери менен жолугушуусу өткөрүлдү. Бул жолугушууга ошондой эле РФ түндүк борборундагы КР ардактуу консулу Таалайбек Абдиев да катышты.

Нурбек Сатвалдиев студенттерге КМШ мамлекеттеринин парламенттер аралык мыйзам чыгаруу боюнча иштери жөнүндө айтып берип жана аларды уюмдун иштерине активдүү катышууга чакырды.

"Kyrgyz Union Sankt-Petersburg" коомдук уюмунун активисттери – Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин, РФ президентине караштуу Росииянын айыл чарба академиясынын жана мамлекеттик кызматынын жана башка жождордун студенттери өткөн мезгилдеги иштердин жыйынтыгын чыгарып, бул жаштар уюмунун келечектеги долбоорлорун, анын ичинде Санкт-Петербургдагы кыргыз тилинде сүйлөшүү клубунун түзүлүшүн талкуулашты. Нурбек Сатвалдиев менен маектешкендер ошондой эле Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүгү жөнүндөгү маалыматты бул жерде жайылтуу зарылдыгына көңүл бурууну белгилешти. Ушуну менен бирге бул уюмдун төрагасы катары Санкт-Петербург мамлекеттик университетиндеги медициналык факультетинин студенти Асел Осмоналиеваны шайлашты.

Жолугушуунун жыйынтыгын чыгарып жатып, Нурбек Сатвалдиев жаштарга окуудагы ийгиликтерди каалады. "Силердин ар бириңер өз ишиңердин мыкты адиси болуп жана өз өлкөңөргө көп пайда алып келериңерге толук ишенем, - деди ал. Бул иш чара комуз жана фортепиано коштолуп ырлар аткарылган кичине концерт берүү менен аяктады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД