Бишкекте польшалык фильмдердин "Висла" фестивалы өткөрүлөт

Үстүбүздөгү жылдын 5-11-октябрында Бишкектеги кино Үйүндө польшалык фильмдердин Кыргызстандагы "Висла" II фестивалы өткөрүлөт.

Бул тууралуу Польшанын Кыргызстандагы Генералдык консулдугу билдирди.

Фестивалдын расмий ачылышы 5-октябрда саат 19.00дө башталат. Ачылыш күнүндө режиссер Филип Байондун "Камердинер" фильми көрсөтүлөт.

Фильмдер орус тилиндеги субтитрлер менен көргөзүлмөкчү.

Фестиваль Бишкек шаарындагы кино Үйүндө, Логвиненко № 13 дарегинде өткөрүлөт.

Кирүү акысыз.

"Висла" фестивалынын программасы:

05 октябрь 19:00 - КАМЕРДИНЕР реж. Филип Байон, 2018, 150 мин.

Фестивалдын расмий ачылышына кирүү Чакыруу билети боюнча жүргүзүлөт.

06 октябрь 18:00 - ХОЛОДНАЯ ВОЙНА реж. Павел Павликовски, 2018, 84 мин.

07 октябрь 18:00 - ДОЧЬ ТРЕНЕРА реж. Лукаш Гжегожек, 2018, 93 мин.

08 октябрь 18:00 - ЮЛИУШ реж. Александер Петшак, 2018, 97 мин.

09 октябряь 18:00 - ЭСКАДРИЛЬЯ 303. ПОДЛИННАЯ ИСТОРИЯ реж. Денис Делич, 2018, 99 мин.

10 октябрь 18:00 - КАК КОШКА С СОБАКОЙ реж. Януш Кондратюк, 2018, 100 мин.

11 октябрь 11:00 - КЛУБ БРОДЯГ реж. Томаш Шафраньски 2015, 98 мин., субтитры, 12+

17:00 - 53 ВОЙНЫ реж. Эва Буковска, 2017, 82 мин.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД