Жалдагы үрөйдү учурган мушташка шектүүлөрдүн ооруканадагы сүрөттөрү

Интернет тармагында Бишкектин "Жал" кичирайонундагы үрөйдү учурган мушташка шектүүлөрдүн ооруканага түшкөн сүрөттөрү пайда болду. Бул сүрөттөр govori.tv сайтында жарыяланган.

Белгилей кетсек, бул мушташта эки жигитти аёсуз сабаган Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбеков № 1 убактылуу кармоочу жайдан ооруканага жеткирилишкен. ЖАМКтын алдын-ала берген маалыматы боюнча, кылмышка шектелгендер менен камерада отургандардын ортосунда чатак чыккан. Бирок, шектелип жаткан Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбеков Бишкектеги СИЗО-1де сабалышты деген маалыматты четке кагышып, бири керебеттен кулап, экинчиси дааратканда тайгаланып жыгылгандыгын айтышууда.

Азыркы убакта шектүүлөрдүн экөө тең Убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Эске салсак, буга чейин Бишкектин "Жал" кичирайонундагы "Ярмарка" дүкөнүнүн жанындагы мушташтын жүрүшү байкоочу-видео камерасына түшүп калган. Бул мушташта аёсуз сабалган эки жигит ооруканага жеткирилген, ал чакыруу боюнча келген милиция кызматкерлери Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбековду жашырып алып кетишкен. Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүүлөрдүн ички иштер органында иштеген тууганы Ленин районунун ички ишетр бөлүмүндө иштеген милиция кызматкерлеринен бул ишти жаап коюуну суранган.

Бул окуя коомчулуктун көңүлүн буруп, милиция кызматкерлери жумуштан бошотулуп, аларга карата кылмыш иши козголгон. Ал эми издөөгө алынган шектүүлөр милицияга өз ыктыяры менен келүүгө аргасыз болушкан. Азыркы убакта алар Убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөөнүн аякталышын күтүүдө.

Бул факт КР Жазык кодексиндеги 138-берене (ден соолукка оор зыян келтирүү), 266-берене (бейбаштык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кийинчерээк бул беренелер КР Жазык кодексиндеги 39-130-беренеге (адам өлтүрүүгө аракеттенүү) өзгөртүлгөн. . Бул оор кылмыш үчүн аларга 10 жылдан баштап, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратуу жазасы берилиши мүмкүн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД