Кара-Суудагы ок атышуу. Оштун спорткомитетинин башчысы качып кеттиби?

Ош шаарынын мэриясына караштуу физкультура жана спорт комитетинин башчысы Кылычбек Саркарбаев бир жумадан бери жумушка чыга элек, ал эми акыркы бир нече күндө телефон чалууларга жана жазууларга жооп бербей калган. Бул тууралуу VB.KG редакциясына спорткомитеттин басма сө кызматы билдирди.

-Ал иш боюнча, адегенде Таластагы Улуттук көчмөндөр оюнуна, андан кийин Бишкек шаарындагы дагы бир иш чарага катышуу үчүн кеткен, - деп Оштун спорт комитетинин басма сөз кызматынан айтышты.

Кара-Суу районунун Фуркат айылындагы ок атышууга Кылычбек Саркарбековдун катыштыгы бар болгондугу тууралуу маалымат чыккандан кийин, анын карамагында иштегендер байланышка чыгууга аракет кылышкан, бирок, ал жооп берген эмес.

Ош облусунун ИИБнен билдиришкендей, 22-сентябрда саат 18.00. чамасында чыккан чатакта Ош шаарынын тургуну 1987-жылы туулган С.К. өз автоунаасы менен Р.Т. уулу отурган автоунаанын артынан түшүп кубалай баштаган. Кыргыз-Чек айылынын аймагынан С.К. автоунааны кууп жетип, жолдун четине кысып токтоткон. Ал жерден эки жарандын ортосунда сөз чыгып, С.К. тапанча менен Р.Т. уулун атып жиберген. Ал жаракат алгандан кийин ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Булактардан алынган маалымат боюнча, ок аткан С.К. – жоголгон Кылычбек Саркарбеков, ал эми жаракат алган жаш жигит – атактуу ММА мушкери Рахманберди Төлөгөн уулу.

ИИМ Саркарбаев менен Рахманберди Төлөгөн уулунун бул окуяга байланышы бар экендигин тастыктай элек, бирок, аны жалганга да чыгарган жок. Бул ок атышуу боюнча башка маалыматтарга да түшүндүрмө берген эмес.

-Бул ишти иликтөө менен ИИМ аймактар боюнча башкармалыгы алектенүүдө. Азырынча алар эч кандай маалымат берише элек. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн иликтөө иши жөнүндө айтылбай жатышы мүмкүн, - деп ИИМ басма сөз кызматынан түшүндүрмө беришти.

Кылычбек Саркарбаев спортчу катары белгилүү болгон. Ал вале тудо (эрежесиз таймаштын бир түрү) боюнча Азиянын жана Евразиянын чемпиондугун жеңип алган. "Мухаммед-Умар" спорт клубунда машыгып келген, бирок, бир нече жыл мурда андан кеткен. Айрым бир маалыматтар боюнча, ал азыр "ЕРЕМ" спорт клубунда машыгат. Бул клубдун спортчуларын акча каражаты жагынан мурдагы бажы кызматкери Райымбек Матраимов колдоп келген, ал эми клубду анын бир тууган иниси Руслан Матраимов башкарат.

Кыргызстанда коррупционерлер катары аталган Матраимовдордон тышкары, Кылычбек Саркараевге эми криминалдар менен байланышы бар экендиги айтылууда. Социалдык тармактарда бүгүн Кылычбек Саркарбаевдин кримавторитет Дженго (чыныгы ысмы Кадыр Досонов) менен байланышы бар экендигин тастыктаган видеожазуу пайда болду. Бул видеожазууда эки жаран тикенек зым тосмосуна жакын келгендиги көрүнүп турат. Видеонун автору жазмада Саркараев абактагы Дженгого келген күн экендигине ишендирет. Видеожазуунун сапаты начар болгондугунан видеодогу жарандардын өздүгүн аныктоо кыйынга турууда.

Белгилей кетсек, жабыр тарткан Рахманберди Төлөгөн уулу да Матраимовдор менен жакын тааныштыгы бар экендигин айтылат. Аны Райымбек Матраимовдун тууганынын жакын адамы дешет жана так ушул адам Саркарбаев менен чатакташып кеткен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД