Кыргызстандын жаштарын кандай маселе тынчсыздандырат?

Келерки жылда Россияда Кыргызстандын жылы, ал эми Кыргызстанда Россиянын жылы катары белгиленет. Ушуга жараша, жаштардын көп сандаган долбоорлорун карап чыгуу пландаштырылууда. Ошондуктан азыртадан баштап ойлонуу менен, өз сунуштарыбызды жана идеяларыбызды иштеп чыгалы деп жатабыз. Бул тууралуу "Россия менен Кыргызстандын ортосундагы гуманитардык байланышты түзүүдө жаш лидерлердин ролу" тегерек столунда "Евразиялыктар - жаңы толкун" Фондунун Кыргызстандагы филиалынын директору Владимир Лю билдирди.

Бул иш чаранын негизги темалары катары тарых, ыктыярчылык, билим берүү тармагы жана студенттердин активдүү өкүлдөрүнүн ар кандай эл аралык форумдарда, конференцияларда катышуусу талкууланды.

Бирок негизги басым билим берүү, тарых жана экологиялык долбоорлорго жасалды.

-Айлана-чөйрөнүн бузулушу башкы көйгөйгө айланууда. Ошондуктан негизги күчтөрдү экологияны сактоого багыттоо зарыл. Балким кыргыз-россиялык жаштардын бирге түзүлгөн тобун Ысык-Көлдүн жана тарыхий жерлердин айланасын тазалоо үчүн уюштурабыз. Ал эми макулатураны чогултуу менен, бак-дарактарды сактап, китептердин жана окуу куралдарынын жетишсиздигине байланышкан көйгөйдү чечүүгө болот, - деген сунушун Кыргызстандын эл аралык университетинин экинчи курсунун студенттери билдиришти.

Иш чаранын жыйынтыгы катары жаш лидерлерге россиялык коллегалары менен бирдикте өз долбоорлорун жана идеяларын ишке ашырууда жардам берүүчү жождор аралык студенттердин Кеңешин түзүү чечими кабыл алынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД