Качып кеткен Аскар Шадиевдин мүлкүн камактан чыгаруу аракети жүрүп жатабы?

Америкага качып кеткен Аскарбек Шадиевдин кызы – Саадат камакка алынган мүлкүн чыгарууга аракет кылууда. Жакында Бишкек шаардык сотунда анын мүлкү боюнча иши каралып, буга чейинки Биринчи май райондук сотунун чечимин жокко чыгарылган чечим чыкты. Ошондой эле мүлктү камактан чыгаруу тууралуу доо арызды кароо токтотулган.

2019-жылы 19-июлда Биринчи май райондук соту Саадат Шадиеванын Башкы прокуратурага жана УКМКнын башкы тергөө Башкармалыгына карата мүлкүн камактан чыгаруу боюнча доо арызын канааттандырган болчу.

Бирок, бул иштин каралганынан көп убакыт өтсө да, бул маселе боюнча кандайдыр-бир маалымат алуу мүмкүн эмес. Сот инстанциясынын сайтынан, канцеляриядан тактап алуу да эч кандай натыйжа берген жок. Бул маселенин кандай чечилип жаткандыгы жөнүндө маалымат ММКга ачык чыкпай жаткандыгы кимдир-бирөөлөргө пайдалуу болуп жаткандай таасир калууда.

2018-жылы 25-декабрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс-премьер-министр Аскарбек Шадиев Биринчи май райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартиптеги абакка 10 жылга эркинен ажыратуу жана мүлкүн мамлекетке чегерүү жөнүндө өкүм чыгарылган. Мурда Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдиргендей, Шадиевдин мамлекетке чегерилген мүлкүнүн жалпы суммасы – 1 млрд 850 млн сомду түзгөн.

Прокуратуранын токтомуна ылайык, Аскарбек Шадиевдин 11 компанияда үлүшү болгон. Бирок Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, ал 2018-жылы "Карвен Груп" ЖЧКсын түзүүчүлөрүнүн курамынан чыккан, анткени, 2018-жылы 13-апрелде компанияны кайрадан каттоодо, компания Балян менен Крыльцовдун үй бүлөсүнө өткөн. Ошондой эле "Карвен четыре сезона" ЖЧКсын түзүүчүлөрүнүн курамында Саадат Шадиева да катталган. Азыркы убакта камакка алынган мүлктү чыгарууга жогоруда ысымдары аталган эки түзүүчү эмес, так ушул Саадат Шадиеванын өзү аракет кылып жаткандыгы суроо жаратууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД