С. Жээнбеков Айсулуу Тыныбековага 3 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-сентябрда аялдар күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова, анын машыктыруучусу Нурбек Изабеков, ата-энеси Болот Тыныбеков жана Гүлпар Тыныбекова менен жолугушту.

Мамлекет башчысы Айсулуу Тыныбекованы Нур-Султан шаарында өткөрүлгөн дүйнө чемпионатында аялдар күрөшү боюнча 1-орунду ээлеп, Кыргызстандын эгемендик жылдарында эң алгачкы дүйнө чемпиону болушу менен куттуктады.

-Сенин алтын медалың - бул кыргыз спортунун, Кыргызстандын чоң ийгилиги, баарыбыз абдан кубандык. Буга чейин Азия чемпионаттарында, Азия оюндарында жеңишке жетип, эми дүйнө чемпионатында алтын медалга ээ болдуң. Бул сенин жана машыктыруучуларыңдын көп жылдык талыкпаган эмгегинин үзүрү. Жеңишке жетүү абдан оор болгонун билебиз. Келерки Олимпиада оюндарында дагы ийгиликке жетишериңе ишенем, - деди Сооронбай Жээнбеков.

Президент ошондой эле көп жылдан бери аялдар күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп эмгектенип келген Нурбек Изабековго жана Айсулуу Тыныбекованын ата-энесине ыраазычылык билдирди.

Айсулуу Тыныбекова президентке, жалпы кыргыз элине колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн рахматын айтып, бул жеңишин өз өлкөсүнө, кыргызстандыктарга арнаганын айтты.

Нурбек Изабеков бул мелдеште Орто Азия мамлекеттеринин ичинен жалгыз Айсулуу Тыныбекова алтын медаль алганын эске салды. Кыргызстан үчүн алгачкы болгон бул жеңишке жетишүү жакшы жөрөлгө экенин белгилеп, көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн мамлекет башчысына ыраазычылыгын билдирди.

Жолугушуунун соңунда президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбековага Бишкек шаарынан үч бөлмөлүү батирдин сертификатын, машыктыруучусу Нурбек Изабековго акчалай сыйлык, ата-энеси Болот Тыныбеков жана Гүлпар Тыныбековага президенттин энчилүү сааттарын тапшырды.

Эске салсак, Айсулуу Тыныбекова 2019-жылы 20-сентябрда Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында өткөрүлгөн аялдар күрөшү боюнча дүйнөлүк биринчиликте жеңишке жетишип, алтын медалга татыктуу болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД