Кыргызстанда 300гө жакын мечит мыйзамсыз иштейт

Кыргызстанда 300гө жакын мечит уруксат берүүчү документтери жок иштейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда Дин иштери боюнча Мамалекеттик комиссиянын директорунун орун басары Закир Чотаев билдирди.

-Кыргызстанда 2669 мечит каттоодон өткөн жана 200-300дөй мечитте кызыл китеп сыяктуу документтери жок. Мыйзам боюнча алар иш жүргүзүүгө укугу жок. Алардын айрымдары иштебей турса, калгандары иштеп жатат. Биз өзүбүз тараптан мониторинг жүргүзүп турабыз, - деди Закир Чотаев.

Белгилей кетсек, Дин иштери боюнча Мамлекеттик комиссиянын берген отчеттору боюнча, 2015-жылдан бери мечиттердин саны өзгөрүүгө учурай элек. Бирок, депутаттар белгилегендей, акыркы жылдарда мечиттердин саны өсүп жана айрым айылдарда бир нече мечиттер курулганын байкоого болот.

Закир Чотаевдин айтымында, Коопсуздук кеңешинде мечиттердин санына көзөмөл салуу үчүн, алардын курулушун кантип тартипке салуу маселеси каралган. Бирок, бул маселе боюнча чечим кабыл алына элек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД