Өмүрбек Бабанов эми саясатта таасирлүү оюнчу болбой калдыбы?

Бүгүн соцтармактарда "Республика" партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабановдун учактын ичинде отурган фотосүрөттөрү пайда болду. Анын жанында жакын партиялашы, Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороевди да көрүүгө болот.

Аталган партиядагы булак VB.KG редакциясына билдиргендей, башкы "республикачы" Москвага учуп кетти. Бирок, ал кандай максат менен кеткенин жана Кыргызстанга кайра качан келээрин, анын партиялаштары да билбейт экен. Ал эми билгендери бул маалыматты жашырышууда.

Бул жерден "Республиканы"" бир ай мурда эле "туман каптай" баштаганын белгилей кеткенибиз оң. Андан кийин Өмүрбек Бабановду жаңы лидерликке алмаштыруу жөнүндө сөздөр жүрө баштаган. Анан ачык эле талапкерлерди талкуулашып – алардын жакын адамдардан болушу жана "эксти" колдоп турушу башкы негиз катары каралган. Айта кетсек, Мирлан Жээнчороев да алардын бири эле. Бирок, депутаттын өзү VB.KG редакциясына берген маегинде, жетекчини алмаштыруу анын оюна да келбегенин бир нече жолу айтканы бар.

Кандай болгон күндө да, саясатчылар Бабановго бийлик тарабынан кысым көрсөтүлүп жаткандыктан, ал өз укуктарын башкаларга өткөрүп берүүдө деп божомолдошууда. Саясатчы азыркы бийлик менен тил табышууну көздөп, саясатта активдүү позицияны кармангандан четтөөнү туура көрдү, деп эсептейт эксперт Марс Сариев. Ал мурда Өмүрбек Бабановдун саясий карьерасы өсүп, премьерлик креслого отурат деп алдын ала айтып жатты эле, эми тескерисинче башкача пикирди карманууда.

-Бабанов Москвадан учуп келгенден кийин саясий активдүүлүктү көрсөтпөй калгандыгын баардыгы эле байкап жатышса керек. Ошондой эле акыркы убакта аны УКМК менен Финансы полициясынын суракка чакырып жаткандыгы жөнүндө да көп угулбай калды. Анткени менен, "Азия Молл" соода борборунда башка кожоюндар пайда болгондугу тууралуу маалымат чыкты. Мунун өзү тил табышуунун кандайдыр-бир жолу болушу да мүмкүн. Бабанов саясаттан кетип жана премьер-министрлик кызматка дайындалуу варианты да өтпөй калды. Бийлик анын электоратын жана мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен, камакка алуу тобокелдигине барбайт. Анте турган болсо, абал көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн.

Саясат таануучу Бабанов кайтып келгенден кийин (ал сөзсүз келет), бизнес менен гана алектенип, Кыргызстандагы өзүнүн инвестициялык долбоорлору менен иштеши мүмкүн, деп эсептейт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД