Кой-Таштын жашоочулары комиссиянын иликтөөсүнө ишенишпейт

Бүгүн, 26-августта, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарымдуу өкүлүнүн имаратында 7-8-августта Кой-Таш айылындагы окуяны иликтөө боюнча түзүлгөн Мамлекеттик комиссиянын жыйыны өтүүдө.

Комиссиянын мүчөлөрү ошол күндөрү окуяга түздөн-түз күбө болгон айылдын тургундары менен жолугушууну чечишти.

Айылдыктар дароо эле билдиргендей, алардын көпчүлүгү айта турган сөздөрү көп болсо да, бул жыйынга келе алышкан жок. Айткандарына караганда, ошол күндөрү жаракат алгандардын көбү жардам алуу үчүн медиктерге кайрылышкан эмес, себеби, катыштыгы бар катарында кылмыш ишине тартат деп чочулашкан.

Айылдыктардын өкүлү Жаманкул Жунусов укук коргоо органдарынын жетекчилерин, Алмазбек Атамбаевдин резиденциясынын короосунда кечкисин жөнөкөй эл чогулган убакта чабуул баштагандыгы үчүн айыптады.

-Эмне үчүн чабуул эртең менен, короодо эч ким жок кезде башталган жок? Кан төгүлсүн деп атайын жасаштыбы? – деп ал нааразы болуп, ИИМ жана УКМК башчыларына карата "Адам өмүрүнө кол салуу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоону талап кылды.

Ошондой эле ал Мамлекеттик комиссиянын курамына Алмазбек Атамбаевге байланышкан окуяны иликтөөнү калыс жүргүзө албаган адамдар киргизилгенин белгиледи.

Андан кийин бир нече аялдар чыгып сөз сүйлөштү. Алар күч структураларынын кызматкерлери тарабынан мыйзам бузуулар болуп, алар улгайган аялдарды уруп-сабаганын, тынч жашаган жарандарга катуу добуш чыгаруучу гранталарды ыргытышканын айтып беришти.

Жалпысынан алганда, айылдыктар Мамлекеттик комиссиянын 7-8-августта Кой-Таш айылындагы окуяны иликтөөсүнө ишенбестигин билдиришип, комиссиянын мүчөлөрү жабыр тарткандар менен өздөрү барып жолугушуусун талап кылышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД