Алексей Федосеев ачылышына катышкан спорт аянтчасы кароосу жок калдыбы?

VB.KG редакциясына Жаш Гвардия бульвары жана Киев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан спорт аянтчасынын жарым жылдан бери кароосу жок калганына нааразы болгон бишкектик жаран кайрылды.

Ал редакцияга салып жиберген фотосүрөттөрдө көрүнүп тургандай, талкаланып, сынган тренажерлор жерде гана жатпастан, бактарда да илинип турганын көрүүгө болот. Таң калтырганы, буга эч кимиси кызыгып да койбойт.

-Спорт аянтчасы февраль айынан бери ушундай абалда, кароосу жок калды. Жаш Гвардия бульварынын жана Киев көчөсүнүн кесилишиндеги бул тренажерлор "РСК банк" тарабынан орнотулган, - деп билдирди окурман.

Белгилей кетсек, 2016-жылы бул аянтчанын салтанаттуу ачылышына ал кездеги Маданият, туризм жана маалымат министрлигинин жетекчисинин орун басары Фархад Бекманбетов, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев, Бишкек мэриясынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айгүл Рыскулова, Бишкек мэриясынын физкультура жана спорт башкармалыгынын төрагасы Ырысбек Мааткабылов, "РСК Банктын" башкаруучу төрагасы Азизбек Өмүркулов жана башкалар катышкан.

Андан тышкары тренажерлерду сыноодон өткөрүүгө атактуу мейман, кикбоксингдин WBKF жана W5 K-1 бөлүгү боюнча дүйнө чемпиону Алексей Федосеев чакырылган болчу.

Спорт аянтчасына спорт менен машыгуу жана ден соолукту чыңдоого ылайыкталган заманбап спорт жабдыктары: чоң спорт комплекси жана көчөдө машыгууга ылайыкталган тренажерлор орнотулган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД