Малаховдун телеберүүсү боюнча КР ТИМи россиялык дипломаттарды чакырды

Кече күнү, 26-сентябрда, КР Тышкы иштер министрлиги россиялык журналист Андрей Малаховдун "Россия 1" телеканалындагы берүүдө айткандары боюнча Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчисин чакырды. Бул тууралуу ТИМ басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жолугушуу учурунда россиялык дипломатка белгилүү теле алып баруучу Малаховдун "Россия-1" каналындагы "Андрей Малахов менен түз эфирде" теле берүүсүндө, 2019-жылы 24-сентябрда Кыргызстандын жараны Исламбек Акбаровдун катыштыгы менен жол кырсыгына байланыштуу айткандары боюнча билдирилди. ТИМдин өкүлү Россиянын мамлекеттик телеканалдарындагы журналисттеринин мындай сөздөрдү айтуусу боюнча, кыргыз-орус биримдик мамилелерин жана стратегиялык өнөктөштүгүн эске алуу менен тынчсыздангандыгын билдирген.

Эске салсак, 24-сентябрда "Россия 1" телеканалында Андрей Малахов өзүнүн телеберүүсүндө меймандары менен биргеликте жол кырсыгынан миллиардер Александр Маргуловдун уулунун каза болушуна кыргызстандык Исламбек Акбаровду күнөөлөп сөз сүйлөшкөн. 7-июлда Москва шаарынын жолунда Маргуловдун баласы мотоцикл менен катуу ылдамдыкта келе жатканда, кыргызстандык айдоочу автоунаасы менен алдынан чыга калып, жол кырсыгына себепкер болгон. Такси айдоочу Исламбек Акбаров азыркы убакта камакка алынып, жол кырсыгы боюнча тергөө иштери аяктай элек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД