Аскер прокуратурасы КСДПнын компьютерлерин УКМКга өткөрүп берди

КСДПнын басма сөз кызматы паритиянын мүчөлөрүнүн 2019-жылы 12-сентябрда "Медиа Форумдун" имаратында ижарага алынган бөлмөлөрүндө жүргүзүлгөн тинтүүлөр жөнүндөгү Аскер прокуратурасынын берген жообун жарыялады.

Аскер прокуратурасынын маалыматы боюнча, айрым имараттарда, анын ичинде КСДП тарабынан ижарага алынган бөлмөлөрдө жүргүзүлгөн тинтүү Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечиминин негизинде иштин жагдайларын аныктоодо маанилүү болгон буюм жана документтерди табуу максатында ишке ашырылган.

-Бирок, Аскер прокуратурасы КСДП саясий партиясынын документтеринин прокуратура жана ИИМнин Тергөө кызматы тарабынан каралып жаткан кылмыш иштерге кандай тиешеси бар экенин түшүндүргөн жок. Мындан тышкары, катта айтылгандай, тинтүү учурунда бөлмөлөрдө табылган процессорлор УКМКга тийиштүү текшерүүлөрдү жүргүзүүгө берилген, алар аяктаган соң, алынган буюмдарды кайра кайтарып берүү маселеси каралат. Ушуну менен бирге Аскер прокуратурасы кайрадан эле КСДП партиясынын каралып жаткан кылмыш иштерине тиешеси жок техникасы кайсы негизде текшерилип жатканын такташкан жок, - деп белгилейт КСДПнын басма сөз кызматы.

Аскер прокуратурасы "жогоруда белгиленген чаралар КСДПнын ишмердүүлүгүнө тиешеси жок жана Кыргыз Республикасынын "Саясий партиялар жөнүндө" мыйзамынын 11-беренесинде каралган укуктарын эч бир чектебейт деп баса белгилегени менен, КСДП муну конституциялык укуктардын бузулушу катары эсептейт.

-КСДПнын документтерин жана техникасын кайтармайын өзүнүн уставдык маселелерин жана укуктарын ишке ашыра албайт, - деп партиядан билдиришти.

Ошондой эле КСДПнын иш бөлмөлөрүн колдонууга тыйуу салууну, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими аркылуу камак салынышынын негизинде ИИМ Тергөө кызматынын тергөөчүсү белгилеген.

Бул тууралуу КСДПнын конституциялык укукту жана партиянын уставдык милдеттерин аткаруу шартын жана ошондой эле "Медиа Форумдун" имаратында ижарага алынган бөлмөлөргө кирүүнү камсыз кылуу боюнча Аскер прокуратурасына кайрылуусунда жазылган.

Мында да Аскер прокуратурасы "жогоруда аталган камсыз кылуу шарты КСДПнын ишмердиги менен байланышы жок жана КР "Саясий партиялар жөнүндө" мыйзамынын 11-беренесинде каралган укуктарын эч бир чектебейт деп эсептейт. Прокуратуранын пикири боюнча, өз укугун жана уставдык милдеттерин аткаруу үчүн партия, анын ичинен КСДП да ошондой эле шарттарда ижарага алууну башка жайлардан издөө маселесин карай алат.

Аскер прокуратурасы муну мамлекеттик органдарынын саясий партиянын ишмердүүлүгүнө кийлигишүүсү же анын укугун бузуусу катары карабайт.

-Аскер прокуратурасынын жообу алардын аракети логикага жатпай тургандыгын жана мыйзамды одоно бузуп жатышкандыгын дагы бир жолу далилдейт. Аскер прокуратурасы ачык эле түрдө, укук коргоо органдары КСДПнын иш бөлмөлөрүн колдонуусуна тыйуу салуу менен, саясий партиянын иш жүргүзүүсүнө тоскоолдук кылып жаткандыгын мойнун алат. КСДП өзү кайсы имаратты жана кайсы жерден ижарага алууну өзү чечүүгө укугу бар, - деп билдирди партиянын басма сөз кызматы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД