Кыргызстанда кызматташуу үчүн маанилүү тармактар көп

"Азыркы убакта Кыргызстанда он бешке жакын франциялык компания өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө, бул кызматташуунун жакшы өнүгүп бараткандыгын билдирет". Бул тууралуу VB.KG редакциясына Борбордук Азиядагы экономикалык дипломатия боюнча тышкы иштер жана Европа Министринин өкүлү, франциялык саясатчы, таанышуу сапары менен Кыргызстанга келген Паскаль Лоро билдирди.

Анын айтымында, кызматташуу боюнча Кыргызстандын келечектеги мүмкүнчүлүктөрү көп.

-Тактап айтканда кызматташуу үчүн негиз бар, бирок, биз аны кеңейтишибиз керек. Силердин өлкө үчүн айыл чарбасын жана албетте, туризмди өнүктүрүү абдан маанилүү. Бишкекке келгениңде, бул жердеги укмуштуудай кооз пейзажды көрөсүң, ошол эле тоолор жана башкаларын айтса болот. Мына ушунун өзү эле жакшы мүмкүнчүлүк берет. Албетте, бул жөнүндө башка чет өлкөлөр да билиши керек. Жалпысынан алганда, силерде кызматташуу үчүн маанилүү тармактар көп. Кызматташуу тармактарын изилдөө үчүн бул жакка көптөгөн франциялык компанияларды алып келүү мүмкүндүгү гана калды, бирок, бул үчүн Кыргызстан өзүнө башкаларды кызыктыруу боюнча маалыматты мындан ары да кенен жайылтуусу керек, - деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД