Каржы министри акчалардын орунсуз сарпталышы боюнча суракка чакырылат

Кыргызстанда соттун өкүлчүлүк Борборунда акча каражаттарынын орунсуз сарпталышы боюнча ишти иликтешүүдө. Бул тууралуу VB.KG редакциясына укук коргоо органдарындагы булактардан билдиришти.

Алардын маалыматы боюнча, 2015-2018-жылдары соттун өкүлчүлүк Борборунда бюджетте каралган чыгымдар 4 млн сомдон ашык сарпталган (бюджетте каралган 1,6 млн сомдун ордуна 6 млн сомду сарпташкан). Акча каражаттарын кызмат көрсөтүү үчүн келишим түзбөстөн жана тендер өткөрбөстөн сарпташкан. Ушуну менен бирге Каржы мининстрлиги бул максатка бюджетте каралбаган акчаларды бөлүп берген.

Бул факт боюнча кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. "26-сентябрда, бейшемби күнү, каржы министри Бактыгүл Жээнбаеванын иш бөлмөсүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Бүгүн, 30-сентябрда, аны күбө катары сураккка чакырышкан. Андан тышкары Каржы министрлигинин жана соттун өкүлчүлүгү Борборунун кызматкерлери да суракка алынат.

Белгилей кетсек, Бактыгүл Жээнбаева каржы министри кызматына 2018-жылы декабрь айында дайындалган, буга чейин ал жеке компаниянын Директорлор кеңешин жетектеп жана немец мамлекеттик өнүктүрүү банкына консультация берип келген.

Соттун өкүлчүлүк Борбору Кыргызтандын кызыкчылыгын арбитраждык, эл аралык, третейлик жана башка соттордо коргойт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД