Азимбек Бекназаров Малайзиядагы элчилик кызматына дайындалабы?

Экс-башпрокурор Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы элчилик кызматына дайындалышыш мүмкүн. Бул тууралуу kyrgyztoday.org өз булактарына шилтеме жасоо менен билдирди.

ММК маалыматы боюнча, Малайзиянын өкмөтүнүн макулдугу берилген жообу жиберилиптир.

-Август айынын башталышында Малайзияга агреман алуу боюнча билдирүү жөнөтүлгөн. Эми Малайзиянын өкмөтү макулдугун билдирген жообу жиберилиптир. Жакынкы убакта Бекназаровдун талапкерлиги Жогорку Кңештин эл аралык иштер боюнча комитетинде каралат. Комитеттин макулдугу берилгенден кийин, кезек президенттин кол коюсунда болот, - деп жазат басылма.

Экс-башпрокурор Азимбек Бекназаровдун өзү бул маселе боюнча түшүндүрмө берүү үчүн байланышка чыга элек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД