Мектептерде ата-энелерден акча чогултууга каршы митинг өткөрүлөт

Мектептерде ата-энелерден акча чогултууга каршы активисттердин тобу 2-октябрда Бишкекте митинг өткөрө тургандыгын билдиришти.

-Митингге өлкөнүн баардык облустарынын өкүлдөрү келишет, - деп VB.KG редакциясына уюштуруучулардын бири Замира Мамбетова тастыктады. –Баткенден жана Оштон катышуучулар мурда эле келишкен. Бүгүнкү күнү 50 лидер келип, Бишкектеги митингге чыгууга даяр болуп турушат. Жалпысынан алганда ар кайсы облустардан биздин кыймылды колдогондордун саны болжол менен 2 миң адамга жетет.

Мамбетованын айтымында, пикет саат 9.00дө Жогорку Кеңештин жанындагы Чүй жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде башталат.

-Биздин биринчи талабыбыз, ар бир адам мамлекеттик билим алуу уюмдарында акысыз билим алуугу укуктуу деп көрсөтүлгөн Конституциянын 45-беренеси иштеши керек. Буга мектепте ата-энелерден акча чогултуу гана эмес, ички мигранттардын балдарын кемсинтип, укугун чектеп, борбордун мектептерине кабыл албай жаткандыгын дагы кошуп айткыбыз келет. Экинчиcи, биз ким пара талап кылса же болбосо пара же мектепке белек берсе жана ошол эле учурда ортомчулук кылса кылмыш кодексине ылайык жоопко тартылышын талап кылабыз. Үчүнчүсү, билим берүү системасында баардык кадрларга ротация жүргүзүп, 5 жылдан бери жетекчилик кызматында отургандардын баарын алмаштырууну талап кылабыз. Биз мугалимдердин жана ата-энелердин арасында сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө, алар бизге, кайсы жерде жетекчилик кызматында көп убакыт бою отургандар, жеке бийлик жүргүзүүнү жайылтышууда деп билдиришти. Төртүнчү талабыбыз – Башталгыч адистик билим берүү Агентствосунун директору Таалайбек Чолпонкулов ээлеген кызматынан бошотулсун, - деп билдирди Замира Мамбетова.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД