Исаков билим берүүдөгү реформаны министрликтин имаратын оңдоодон баштадыбы?

Бизге кайрылган ар бир жаранга маданияттуу мамиле жасалышы керек. Билим берүү жана илим минстрлигинин кызматкерлери менен өткөрүлгөн жыйында жаңы министр Каныбек Исаков мына ушуну талап кылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Бизге кайрылган ар бир жаранга адамкерчиликтүү мамиле жасалсын. Министрликтин кызматкерлеринин жоопкерчилиги күчөтүлсүн, алар жарандардын кайрылуусун көңүл коюп иликтеп чыгып, мыйзам чегинде колдоо көрсөтүп жана алардын көйгөйүн өз убагында чечиши керек, - деп Исаков айтып жана ар бир кызматкер өз жумуш ордун таза кармоосу зарыл экендигин кошумчалады.

Министрликтин басма сөз кызматы белгилегендей, акыркы жылдары мекеменин дарегине көптөгөн сын-пикирлер айтылып, ишеним аз көрсөтүлүп калган.

-Министрлик билим берүү тармагында башкы орган болуу менен, өзү башкаларга үлгү болуусу керек. Министрликтин баардык республикалык бөлүмдөрү билим берүүнүн системасынын деңгээлин жогорулатуу, коомдогу кадыр-баркын көтөрүүнү ар бир мектепке жеткирүүсү зарыл, - деди Каныбек Исаков.

Ушуну менен бирге мекемеде эске салышкандай, азыркы убакта Билим берүү жана илим министрлигинин имаратынын эстетикалык көрүнүшүн өзгөртүү боюнча ремонт иштери жүргүзүлүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД