Мугалимдер октябрь айынан баштап орто эсеп менен 17 миң сом айлык алышат

Октябрь айынан баштап 120 миңге жакын мугалимдер, АТУ жана интернаттын окутуучулары, бала бакчалардын тарбиялоочулары жогорулатылган айлык алышат. Айлык акы убагында, кечиктирилбестен берилет. Бул тууралуу 30-октябрда пресс-конференцияда Билим берүү жана илим минстринин орун басары Уланбек Кармышаков билдирди.

Мекеменин эсеби боюнча, бул үчүн бюджеттен 1 млрд 742 млн 482 миң сом бөлүнүп берилет.

Өз кезегинде министрдин орун басары Надира Жусупбекова айлык акынын жогорулашы менен мурдагыдай эле бийик тоолуу жердин коэффициенти, эмгек стажы, бир жумалык аткарылган иш эске алынат. Ал эми бир сааттын төлөнүшү дипломдуу адис менен магистрдики теңелип, мурдагы 67,5 жана 75 сомдун ордуна 97,5 сомду түзөт.

-Азыр жумасына 20 саат менен иштеген мугалим орто эсеп менен 12 миң 796 сом алып жатат, ал эми айлык акы жогорулагандан кийин 17 миң 97 сомду түзөт. Ошондой эле балдар бакчасындагы тарбиялоочулардын айлыгы да жогорулап, 13 миң 367 сомдун ордуна 17 миң 751 сом алышат, - деп белгиледи Надира Жусупбекова.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД