Бишкек мэриясы: Кино көрсөтүлбөйт, автокинотеатры алып салынат

Жер тилкелерин колдонуу жана курулуш Башкармалыгынын жана "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери "Жаштар"сейил багындагы уруксаты жок орнотулган автокинотеатрдын экранын алып салышты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, экран сейил багынын аймагында уруксаты жок орнотулган, ал эми жер тилкеси Т.А. аттуу жаранга (аял киши) автоунаа токтотулуучу жай катары ижарага берилген.

-Мурда биз бул сейил багын шаардыктарга кайра кайтарып берүү боюнча сотко кайрылганбыз. Биз ал жерде шаардыктардын ден соолугун чыңдап машыгуучу жайга айландырып, воркаут, скейтпарк, велосипед тебүүчү жолдорду жасоону пландаштыруудабыз. "Бишкек башкы архитектура" ишканасы борбордун архитекторлору менен бирге иштеп чыккан долбоорду алдына ала талкуулоо боюнча биринчи коомдук угууларды өткөрдү, - деп белгилейт мэриянын басма сөз кызматы.

Муниципалитеттен белгилешкендей, коомдук тартипти бузууларга жол берилбейт. Борбордун аймагында уруксаты жок орнотулуп жана макасатка ылайыктуу эмес колдонулган баардык нерселер алып салынат. Кыпгыз Республикасынын "Борбор шаардын статутусу жөнүндө" мыйзамынын 20-беренесине ылайык, уруксаты жок жана өз алдынча орнотулуп, азыркы нормалардын талабына жооп бербеген куруулар жана имараттарды алып салуу укугу мэрияга берилген.

Эске салсак, дем алыш күндөрү "Ынтымак" сейил багынын жанындагы автокинотеатрдагы фильмде ачык сценалар көргөндөрдүн нааразылыгын туудурган. Бул факт боюнча борбордун милициясы текшерүү иштерин жүргүзүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД