Президент кыргызстандыктарды Эл аралык карылар күнү менен куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-октябрда, кыргызстандыктарды Эл аралык карылар күнү менен куттуктады.

-Элибиз эзелтеден бери кары адамдарды терең урматтап, аларга өзгөчө аяр мамиле жасап, "Карысы бардын ырысы бар", "Карынын сөзүн капка сал" деп айтып келген. Биз улуу муундун өлкөнүн өнүгүшүнө, элдин бакубат жашоосуна арнаган эмгегин жогору баалайбыз. Улгайган жарандар үчүн татыктуу жашоо шартын түзүү - азыркы муундун милдети. Биз улуу муундун өлкөнүн өнүгүшүнө жана элдин бакубат жашоосу үчүн арнаган эмгегин жогору баалайбыз. Мамлекет карыларга кам көрүүнү жылдан-жылга жакшыртуу боюнча бардык аракеттерди көрүп, алардын жашоосун жеңилдетүүгө умтулуп жатат. Карыларыбызга болгон камкордук аркылуу мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугу жана коомдун моралдык деңгээли бааланат. Андыктан баарыбыздын алдыбызда чоң жоопкерчилик, ишке ашырыла турган максаттар турат. Карыларды 1-октябрь күнү эле эстебей, ар дайым татыктуу көңүл буруп, ардактап, баалап-барктап, сыйлап жүрөлү. Сиздерге бекем ден-соолук, узун өмүр, бакубатчылык, уул-кыздардын жана коомдун сый-урматына бөлөнүп жашооңуздарды каалайм!", -деди мамлекет башчы өз куттуктоосунда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД