Пекинде КЭРдин 70 жылдыгына карата аскер парады өткөрүлдү (видео)

Бүгүн, 1-октябрда, Пекинде майрамдык аскер парады өткөрүлдү. Бул күнү Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгы белгиленүүдө.

Майрамдык аскер парады бүгүн эртең менен борбордун "Тяньаньмень" башкы аянтында башталды. Анда 15 миң аскер кызматкери, 580 аскердик техникасы, 160 учак жана тикучак катышты. Парадга КЭРдин төрагасы, жогорку башкы командачысы, ККП БКнын башкы катчысы Си Цзиньпин командачылык кылды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын президенти Си Цзиньпиндин атына КЭРдин түзүлүшүнүн 70 жылдыгы менен куттуктоо жөнөттү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД