Бишкек мэриясында кичирайонго чак келген жер тилкеси мыйзамсыз берилген

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан Бишкек шаардык мэриясындагы бөлүм башчы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мэриянын кызматкерлери жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган. Бишкек шаардык мэриясынын бөлүм башчысы А.Н. коомдук фонддордун биринин мүчөлөрүнүн ишенимине кирип, Бишкек шаарынын Биринчи май районунун "Калыс-Ордо" конушунан 7,2 гектар жер тилкесин бөлүп берүү үчүн 2 млн сом алган.

-Жүргүзүлгөн иш чара учурунда, бөлүм башчы А.Н. жеке кызыкчылыгын көздөп, өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен расмий документтерди, Бишкек шаардык мэриясынын жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жасалма колун коюп, бул жасаган иш-аракеттери мыйзамсыз экенин билип туруп, жерди бир категориядан башка категорияга которууга аракет жасаган, - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, 7,2 га аймагына баардык инфраструктуралары түзүлгөн кичирайонду же 10 футбол ойноочу талааны жайгаштырса болот.

Бул факт боюнча А.Н. жана С.А. аттуу жаран кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында башка адамдардын катыштыгын аныктоо үчүн тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД